Талас облусундагы 20 жаштагы Тамара жана Самара россиялык эгиздерге турмушка чыгышты. Бул тууралуу маалыматты эже-сиңдинин жакындары кабарлады.

Маалыматка ылайык, түгөйлөр бири-бири менен интернеттен таанышышкан.

“Жаштар бир жылдай интернет аркылуу сүйлөшүп жүрүштү. Туулган күндөрүнө бири-бирине белектерди жиберишип турушчу. Биз алар үчүн абдан кубанып турабыз”,-дейт жакындары.

Ал эми Аман жана Эсен 1994-жылы Ысык-Көл облусунда төрөлүшкөн. Бирок, учурда алар орус жарандыгын алышып, Россияда жашашат. Эске сала кетсек, мындай үйлөнүүлөр биринчи жолкусу эмес.