Каракол шаарында аялдарга кол салган шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, сентябрь айынын орто ченинде, бир нече күндүн аралыгында Каракол шаарынын милициясына үч аялдан арыздар келип түшкөн. Өздөрүнүн арыздарында, медициналык беткапчан белгисиз адам, түнкү мезгилде көчөдөн кол салып, бычак менен коркутуп, уюлдук телефондорун тартып алгандыгын билдиришкен. 

Жабырлануучу аялдын бири, белгисиз адам уюлдук телефонун тартып алуунун алдында, зордуктоого аракет көргөндүгүн билдирсе, экинчи аял, каршылык көрсөткөндөн улам, кол салган адам аны катуу сабап салгандыгын айтып берген.   

Акыркы жабырлануучу аял, Ак-Суу районунун 36 жаштагы тургуну болсо, ошол күнү Каракол шаарында жайгашкан меймакананын биринде түнкү сменде иштеп жатканын билдирген. 

Болжол менен түнкү саат 22:00 чамаларында, ал эс алып жаткан бөлмөгө белгисиз адам кирип келип, балка менен башка бир нече жолу уруп, андан кийин бычак менен коркутуп, 6800 сом акча каражатын жана 2 уюлдук телефонун тартып алгандыгын, ошондой эле, ванна бөлмөсүнө күч менен алып кирип, ал жерден зордуктаганын, арызында көрсөткөн.

Бул кылмыштар боюнча түшкөн арыздар Каракол ШИИБдин КЖБРне катталып, Жазык Кодекснин 138 (Ден соолукка оор зыян келтирүү), 161 (Зордуктоо), 162 (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) жана 202 (Каракчылык) беренелери менен сотко чейинки өндүрүш иштери ачылган. Аталган кылмыштардын бетин тез арада ачуу максатында Каракол шаарынын милициясынын тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн.

29-сентябрь күнү, аталган топтун кызматкерлери тарабынан аталган кылмыштарга шектүү катары Каракол шаарынын 27 жаштагы тургуну Ж.У. кармалып, алгачкы суракта ал өз күнөсүн мойнуна алды. Далил зат катары, андан кылмыш куралдары катары балка менен бычак алынды.  

Кылмышка шектүү катары кармалган Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Бардык 5 факты боюнча сотко чейинки өндүрүш бир ишке бириктирилип, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.