“”Тажатма адамдардан арылуу – ар бир дурус кишинин милдети”, — деп тамашалаган экен тамашакөйлүгү менен айырмаланган белгилүү физик Лев Ландау.

Кыргыз саясатында тажатма, кычышып, бирөөгө асылуу жагынан алдына киши салдырбаган Темирлан Султанбековду атаса болот. Бул ажымоолуу тажатма тээ 8-классында эле китептердин басып чыгарылышы боюнча Билим берүү министрлигине сунуштарын айтып кат жазып, министрликтин башын ооруткан экен. Бул курактагы балдар оюндан бир аз оолактап, кыздар жөнүндө ойлоно баштаса, бул тажатма күш-быш этип, китептердеги каталарды чукулап жүрөт.

Эми бул министрликке чейин тажаткан кургур парламенттик шайлоо алдындагы дагы момент таап, жалпы өлкөгө көрүнөйүн деп мактанып жатат.

“Социал-демократтар” партиясынан талапкер болуп чыгып, ат салышкан Султанбеков өзүн орустардын «Что? Где? Когда?» деген оюнунда ойноп жаткандай сезип, атаандаштарына эмне, кайда, качан деген суроолор менен тажатып кирди. Буга мисал, кечээги эле теледебаттарда “Чоң казаттын” “чоң баатыры” Сыймык Жапыкеевден Чек ара жерлери жөнүндө Вена макулдашуусу тууралуу сурагыны болду. Сурай турчу кишини да тааптыр, Жапыкеев суроо эмне тууралуу болгонун деле түшүнө алган жок.

Ал эми аймактарга барып үгүт иштерин жүргүзүү маалында Султанбеков-тажатма кайсы бир райондун акимине ресторандардын ишин уюштуруу боюнча акыл үйрөтүп жүрөт. А аким болсо тиги тажатмага кыжырданып араң турду, ошонун акылы эле жетишпей жаткансып.

Атамбаевди актап-жактоого келгенде Султанбеков-тажатма мурдагы президенттин балдарынан да ашып түшөт. Аны коргой келгенде болсо алардын баягы эле “күнөөлүүлөр, уурулар башкалар, биз сүттөн ак” деген тажатма сөздөрүн калкан кылышат.

Султанбеков-тажатманын тажаткан сөздөрүнөн эле эмес, анын тажатма үнүнөн эле качып кутулуунун айласын ойлойсуң, анын айланасына баруудан дагы заарканасың.

Атамбаевдин эл билгенди эле сайрай берген мындай мактанчаактарынан же өлкөгө жарытып пайдасы жок, же өзүлөрүн жыргатпайт.

Өздөрүн өтө эле олуттуу сезип, акылдуу кебетеленгендер эң эле чоң келесоолуктарга барышат. Атамбаев – саясий өлүк экенин, анын режими азыр таптакыр токтогонун эчак эле түшүнүү керек, “Атамбаев-Д’Артаньян, калгандарынын баары- акмактар” деген жиндидей бир идеянын артынан эч ким ээрчибейт. Кичине бир акылга сыярлык бир нерсе ойлоп тапса!