Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 29-сентябрындагы жыйналышында “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен 3 адамды чыгарды. Бул тууралуу БШК билдирди.
Тизмеден чыгарылгандар:
— Мусаев Люшер Лажаловичти;
— Мамытов Нурлан Мамбетжановичти;
— Абдысатаров Айтбек Абдысатаровичти.
Мындай чечим «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын кат жүзүндөгү билдирүүсүнүн негизинде кабыл алынды. Люшер Мусаев партиянын тизмесинде №19, Нурлан Мамытов №96, Айтбек Абдысатаров №112 орунда болчу.