Талас облусунун Кара-Буура жана Манас райондорунун тургундары «Республика» партиясын  кубануу  менен  тосуп алышты. Депутаттыкка талапкер Кенжебек Бокоев шайлоодо добуштарды сатып алгандардын  ниети  бузук  экенин  айтып,  аларды ачыкка чыгарууну сунуштады:

«Республика» партиясы туура жолдо! Биздин «Алдыга жол» – чыныгы программа!  Эч ким бизди пара алды деп айта албайт, анткени, биздин депутаттарыбыз Жогорку Кеңешке байлык үчүн барган эмес. Азыркы учурда Талас облусунун айылдарында форма-2 менен башка айылдардын тургундарын тизмеге киргизип жаткан учурлар бар. Акча тараткандарды четке кагып, шайлоодон кийин алардын атын ачыкка чыгарышыбыз керек. Аларды  жоопкерчиликке  тартсак , келечекте эч ким добуш сатып алганга барбайт. Келечекти көздөй  «Республика» партиясы менен бирге кадам  таштап,  мамлекеттеги оор абалды оңдоого  салым кошкула «, — деп Кенжебек  Бокоев элди чакырды.

Партиянын лидери Мирлан Жеенчороев  партиянын  10 жылдык тарыхында  ишке  ашырылган  демилгелери жөнүндө эске салып, мындан ары  да  элдин  кызыкчылыгында  жан үрөп  иштегенге  даярдыгын  билдирди. Учурда өлкөдө тамыр  жайган  коррупция  шайлоого аралашып,  мамлекеттүүлүк коркунучка  кептелгенин  баса белгилеп, бул илдетти  биргеликте гана жеңүүгө  болоорун  белгиледи:

«Башка партиялар менен салыштырсаңар, программа боюнча биз менен атаандаша албайт. Анткени алар билимге, сабаттуулукка , иш билгиликке басым жасабайт, алар уурдалган арам акчага таянат. Элди сатып алабыз деп  беймарал жүрүшөт.  Арабызда жүргөн саткындарга жол бербейли! Коррупция  шайлоодон  башталат, коррупция  добушту сатып алуу менен  келген  депутаттардан башталат. Биз бул күрөштө бирге болуп,  жемкорлукту  бирге  жеңели!

Бизге өзүнө жоопкерчиликти ала албаган, демилгесиз өкмөттүн  кереги жок. «Республика» программаны кагазга  жазып кою менен чектелбейт, элдин  ишенимине ээ болсок,  өкмөттү өзүбүз куруп, жетектегенге даярбыз. Реформа жүргүзүү  үчүн эрк керек!», — деди Мирлан  Жеенчороев.

«Алдыга жол» – реалдуу, ишке аша турган реформалардын  программасы деген   депутаттыкка талапкер Анарбек Укеев:

«Азыр бандиттерден, коррупционерлерден, уурулардан түптөлгөн партиялар бийликке барабыз деп умтулуп жатышат.  Алар элге  чачып аткан  акчасын  өз эмгеги менен иштеп тапкан  эмес!   Эл аларга жол бербеши керек. Кайсы районго кайсы партия эмне кылганын билебиз. «Республика» партиясы  акча менен добуш сатып алууга барбайт. Биздин партия реалдуу, ишке  аша турган олуттуу  реформалар  программасы менен баратабыз. Бизге өзгөрүү керек, олуттуу реформа керек!», — деди.   

«Республика» партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институтту  жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бир салык  киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу кирет. «Республика» бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат. Орто  жана кичи бизнес экономиканын негизин  түзгөндүктөн,  «Республика»  партиясынын   программасында  бул тармакка  3% насыя берүү  каралган.

Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН  01708200710163. «Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.