Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кызматтык унаасын тапшырганын Фейсбуктагы баракчасына жазды. Бул жумада иш бөлмөсүн да бошоторун кабарлады.

“Келерки жумада шайлоодо алдын ала уткан партиялар Жогорку Кеңештеги иш бөлмөлөрүн бөлүштүрө баштайт. VII чакырылыштын депутаттары расмий ант берген күндөн тарта VI чакырылыштын депутаттары ишин токтотот. Менде көп план жана милдеттер бар, мамлекеттик кызматта 14 жылдык тажрыйба топтодум”, -дейт Бекешев.

Дастан Бекешев 1983-жылы 22-ноябрда Фрунзе шаарында төрөлгөн. 6 жашында көрүүдөн ажыраган. Азиздер жана көзү начар көргөн балдар үчүн атайын мектеп-интернатында билим алган. Дастан Бекешевдин үч бир тууганы бар. Үй-бүлөлүү, бир кызы бар.

2010-жылы “Ар-Намыс” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2014-жылы идеологиялык көз караштардан улам, “Ар-Намыс” партиясынын мүчөлүгүнөн чыгып, өзүнүн командасы менен “Ак-Ниет” партиясын негиздеген.

2015-жылы “Ак-Ниет” партиясынын лидерлигинен баш тартып, Кыргызстан социал-демократтар партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке шайланган.