Алматы облусунун Каргалы айылында 15 жаштагы кыз каза болду. Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, ал уюлдук телефону аркылуу токко урунган. Окуя 26-сентябрда болгон.

«Электр тогу уруп 15 жаштагы жашы жете элек кыз каза болду. Алдын ала айтылгандай, кыз уюлдук телефону аркылуу электр тогун алгандыгы аныкталган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголду ”, — деп билдиришти министрликтен.