Президент Сооронбай Жээнбеков Венгриядан Кыргызстанга бүгүн, 30-сентябрда эртең менен учуп келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, өлкө башчы эки күн, тактап айтканда 28-29-сентябрь күндөрү Венгрияда расмий визит менен болду. Сапардын алкагында бир катар жолугушуулар өттү.

Алгач Сооронбай Жээнбеков Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен кечки сый тамакта бейформал жолугушту. Ошондой эле, ал Венгриянын президенти Янош Адер жолугушуп, бир катар тармактар боюнча кызматташууну талкуулашты.

Жээнбеков Венгриядан Кыргызстанга кайтып келди