Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында пилоттук колледждерде апробациялоо үчүн артыкчылыктуу адистиктер боюнча экпериманталдык билим берүү программаларын иштеп чыкты. Бул тууралуу КР БИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган программалар окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн социалдык-инсандык жана кесиптик компетенцияларын калыптандырууга багытталган, алар белгилүү бир көлөмдөгү билимди гана албастан, ошондой эле келечекте көндүмдөрдүн деңгээлдерин жоготпоого үйрөнүүгө, өз квалификациясын дайыма жогорулатып турууга мүмкүндүк берет.

Программалар жаңы моделдерди орто кесиптик билим берүү системасына ишке киргизүү үчүн заманбап билим берүү практикаларын жана эксперименталдык методикаларды апробациялоо үчүн Бишкек шаарында жана республиканын областтарында түзүлгөн сегиз Алдыңкы тажрыйба борборунда пилоттолот.

Азия өнүктүрүү банкынын “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун максаттарынын бири болуп кесиптик-техникалык билим берүү системасынын окуу жайларында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу саналат, тактап айтканда компетенттүүлүк мамиленин негизинде билим берүү процессин түзүү. Компетенттүүлүк мамиле өзгөрүп туруучу социалдык-экономикалык реалдуулукка жооп катары билим берүүнүн мазмунун жаңылоо саналат.

Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо боюнча адис Адиль Абельденов жаңы программанын негизги айырмасы тууралуу айтып берди.

“Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо эксперименталдык билим берүү программасынын типтүү программадан негизги айырмасы – логикалык жактан туура түзүлгөн окуу модулдары саналат. Студент окуу модулун өздөштүрүү менен кийинкиси буга чейинкинин уландысы болоруна ишенет. Эксперименталдык билим берүү программасы практикага багытталган. Окууну аяктоо менен студент фулстек-иштеп чыгуучу көндүмүнө ээ болот”, – деди ал.

Эксперименталдык билим берүү программаларын апробациялоонун жыйынтыгы боюнча кесиптик-техникалык билим беүү системасында аларды андан ары колдонуу боюнча сунуштарды кароого киргизүү пландалууда.