ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы атайын операциянын жүрүшүндө Баткен облусунун тургунунан 1 килограмм 938 грамм салмактагы нашаа табышкан. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Аталган факт КРдин Жазык кодексинин 268-беренесинде («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз мыйзамсыз даярдоо») көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча каттоого алынды.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө.