2020-жылдын 6-октябрынан тарта 1-6-класстын окуучулары жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окуй баштайт. Мындай чечим Республикалык ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.

Маалыматка караганда, 2020-2021-окуу жылында 1-6-класстын окуучулары үчүн билим берүү процессин реалдуу режимде жандандырууда санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо боюнча иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыкты. 

Ага ылайык, окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугун медицина кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп, мугалимдердин дене табы өлчөнүп турууга жана беткап режимин сактоого тийиш. Окуучулар окуу процессинде аралыкты сактоо менен отургузулат. Алар колдорун бат-бат жууп турушу үчүн тиешелүү каражаттар менен камсыз кылынат.

Ошондой эле кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу, аларда илдеттин белгилеринин бар-жогу боюнча анкета толтурулуп турат.

“Эгерде мектепте окуучулардын саны 200гө чейин болсо, план боюнча бекитилген расписаниеге ылайык кадимки режимде окуу процесси уюштурулат. Ал эми балдардын саны 350гө чейин болсо, ийкемдүү расписание боюнча окутулат. Тагыраагы сабактардын башталышы жана тыныгуулар ар кандай убакытта уюштурулат. Мисалы, 1-2-класстарда сабак 8.00дө башталса, 3-4-класстар саат 8.30га келишет. Балдардын саны 500гѳ чейин болсо, кезектешүү негизде болот. Мисалы, 1-2-3-класстар 1-кезметте 4-5-6-класстар 2-кезметте окушат. Ашканада тамактануу процесси да сменалар боюнча уюштурулат”, — дешти штабдан.

Муну менен катар мектептерде ар кандай иш-чаларды өткөрүүгө жана ата-энелер менен башка уюмдардын өкүлдөрүнүн имаратка кирүүсүнө уруксат жок.