Нью-Йоркто Биоартүрдүүлүк боюнча саммитте Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун сөзүн түз алып берүү болот.

Өз кайрылуусунда Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын маанилүү бөлүгү “экологиялык” дипломатияны жана жашыл экономиканы алдыга жылдыруу экендигин  белгилейт.

Ошондой эле Президент Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо тармагында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилейт.

Сооронбай Жээнбеков 1-октябрга караган түнү сөз сүйлөрү күтүлүүдө.

Эске салсак, 21-жана 23-сентябрда БУУ Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн сырткы карызын терең реструктуризациялоону туруктуу өнүктүрүү долбоорлорго алмаштыруу боюнча демилгеси менен эл аралык донорлорго жана финансы институттарына кайрылган.

Ошондой эле ал Кыргыз Республикасы БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин Уюмду реформалоо боюнча аракеттерин колдой тургандыгын белгиледи. Кыргызстан алдыдагы мөөнөттөргө БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине жана Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин сунуштады.