Эгерде Ереван аскерлерин кагылышуу аймагынан чыгарып кетсе, Тоолуу Карабахтагы согуштук аракеттер токтойт. Бул тууралуу Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Бакудагы Борбордук клиникалык ооруканада жаракат алган аскер кызматкерлери менен жолугушуу учурунда билдирген.

«Бизде согушту токтотуунун бир гана шарты бар. Армения Куралдуу күчтөрүн кагылышуу аймагынан чыгарып кетиши керек. Эгер Армения өкмөтү ушул шартты аткарса, уруш токтойт, тынчтык орнойт», — деген Алиев.

Мындан тышкары Ильхам Алиев эл аралык укук Азербайжан тарапта экендигин кошумчалаган.

«Биз тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирип жатабыз. Карабах Азербайжандын баштапкы аймагы. Тарыхка көз чаптыруу жетиштүү. Биз аймактык бүтүндүгүбүздү калыбына келтиргибиз келет. Биз муну жасап жатабыз жана жасайбыз», — деген президент. Учурда эки өлкөгө аскер абалы жарыяланып, абал оор бойдон калууда.