Кечээ, 30-сентябрда Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын студиясында түз эфирде көрсөтүлүп жаткан шайлоо алдындагы дебат учурунда электр жарыгы өчүп калды.

Дебатка Алтынбек Сулайманов («Бир Бол»), Мирлан Жээнчороев («Республика»), Нуржигит Кадырбеков («Ыйман нуру»), Темирбек Асанбеков («Мекен ынтымагы») жана Асел Атабекова («Кыргызстан») катышып жаткан.в

Атабекова Сулаймановдун суроосуна жооп берип жатканда студияда электр жарыгы өчкөн. Бирок камера жана микрофондор иштей берген. Дебаттын катышуучулары тамашалап баштаганда режиссерлор үндү өчүрүп, жарнама көрсөтүүгө өтүшкөн.
Бир нече убакыттан кийин электр жарыгы берилип, дебат уланган.

Ал эми КТРК Батыш РЭТте авария болуп, анын кесепетинен студияга электр жарыгы келбей калганын, түз эфир 15 мүнөттөн кийин уланганын билдирди.