Социалдык тармактарда бишкектиктер батирлериндеги суукка нааразы болуп, качан жылуулук берилерин сурай башташты. Алар быйыл жылуулукту эртерээк берүүнү сунушташат, анткени пандемия өтө элек жана адамдар ооруп калгысы келбейт.

Ал эми Бишкек мэриясы беш сутка бою абанын температурасы +8 градустан төмөн болсо бишкектик тургундарга жылуулук берилерин эске салды.

“Маселе октябрь айында күз-кыш мезгилин өткөрүү боюнча штабдын жыйынында чечилет”, – деп билдирди муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Эске салсак, 2019-жылы жарандардын үйлөрүнө жылуулук 1-ноябрдан тарта бериле баштаган.