Добуш берүү укугу бар 437 384 кыргызстандык жаран биометрикалык каттоодон өтпөй, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катыша албай тургандыгын КМШнын байкоочу миссиясынын КРдеги парламенттик шайлоого жүргүзүлгөн байкоолор тууралуу отчетунда айтылды.

КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулар миссиясы да форма №2 менен добуш берүүнү каалаган шайлоочулар көп экенин белгилешти.

Маалыматка ылайык, миссия өз отчетунда Мамлекеттик каттоо кызматындагы маалыматтарга таянган. Мамкаттоо БШК менен биргеликте жүргүзгөн аракеттеринин негизинде биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек жарандар 2017-жылга салыштырмалуу 300 миңге азайганы айтылды.

КМШ байкоочулар миссиясы ошондой эле шайлоо дареги боюнча (форма № 2) добуш берүүнү чечкен жарандардын саны көп экенин белгилейт. Мындай укуктан пайдаланган шайлоочулардын саны 488 124тү түзөт.