Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейттин жаңы эмирине телеграмма жолдоп, анын агасы Сабах Аль-Ахмед Аль-Жабер Ас-Сабахтын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«Улуу урматтуу шейх, кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атыман шейх Сабах Ас-Сабахтын үй-бүлөсүнө жана жалпы Кувейт элине терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Жараткан Кудай анын жакшы иштерин кабыл кылсын. Бул Ас-Сабахтын жакындарынын же Кувейт элинин эле жоготуусу эмес, бул — бүткүл дүйнө жүзү үчүн эң чоң жоготуулардын бири», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Кувейттин мурдагы эмири Сабах Аль-Ахмед Аль-Жабер Ас-Сабах 92 жашында каза болду. Ал АКШда дарыланып жатканда көз жумган.

Сабах IV Куйвейтти 2006-жылдан бери башкарып келген. Ага чейин премьер-министр кызматында иштеген.