Кыргызстанда сутка ичинде 104 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 6, Ош шаарында – 19, Чүй облусунда — 3, Ош облусунда – 35, Талас облусунда — 5, Нарын облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда 13, Баткен облусунда – 9 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 42 миң 983кө жетти.