Кыргызстанда 1-октябрь саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 172 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавирус каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 46 миң 841 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 18
  • Ош — 11
  • Чүй облусу – 11
  • Ош облусу — 21
  • Талас облусу — 1
  • Ысык-Көл облусу – 10
  • Жалал-Абад облусу – 23
  • Баткен облусу — 77