Акыркы суткада коронавирустан бир кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунда бир адам аталган илдеттен көз жумду.

Белгилей кетсек, 1-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 172 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 46 миң 841ди түзөт. Алардын ичинен 42 миң 983 киши айыгып чыкты, 1 миң 65 адам каза болду.