Ветеринардык кызмат тарабынан кой-эчкилердин бруцеллез ылаңына  каршы “Рev-1” вакцинасы менен эмдөө 2008-жылы башталып бүгүнкү күнгө чейин эмдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары бруцеллезду адамдардын жана малдардын арасында кескин кыскартуу максатында республикалык бюджеттен  бөлүнгөн акча каражатка ири мүйүздүү малдардын бруцеллез ыланына каршы 2019 жылдан баштап “Шт-19” вакцинасы сатылып алынып эмдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Сатылып алынган вакциналар жогорку сапаттагы эл аралык талаптарга жооп берген, Эл аралык эпизоотиялык бюронун (МЭБ) шайкештик сертификаттары бар, эмдөөдөн өткөн малдын иммунитети 3 жылдан ашык кармалат.

Бруцеллез ылаңы менен  күрөшүү иш чараларынын натыйжасында оң жыйынтыка жетиштик. Жогорудагы бруцеллезго каршы вакциналар менен эффектүү эмдөөнүн   жыйынтыгында кой-эчкилер арасында бруцеллез ылаңы 25 эсеге, бодо малдар арасында 2 эсеге, ал эми адамдар арасында 6 эсеге кыскарды.

Жылына 4500 миңден ашык адамдар бруцеллез менен ооруп 10 млн. АКШ доллары чыгымдалып келсе, бул көрсөткүчтөр азайып, азыркы учурда  кээ бир айыл аймактарда бруцеллез такыр катталган жок.

Дүйнө жүзүн “Covid-19” вирусу каптап, республикага өзгөчө абал киргизилип эпизоотияга каршы пландалган көптөгөн иш чараларга тоскоолдуктарды жаратса дагы ветеринардык адистер жеринде жугуштуу ылаңдарга каршы алдын алуу, диагноздоо иштери үлгүлтүксүз жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында адамдардын арасында бруцеллез оорусу былтыркы жылдын 8 айына салыштырмалуу 243 кишиге аз катталды.