Рыспбай Абдыкадыровдун чыгармачылык башаты

407

Чыгармачылык башат…Кыялдын күлүктүгүнө баам салуу… Касиеттүү СӨЗ өнөрүнө сүңгүп кирип, адабият деген ааламга башбагуу…Мына ушунун бардыгына түрткү берген себепкер күч – МУЗЫКА!

* * * МУЗЫКА аркылуу таңда ойгонуп, керелден кечке кайда гана барбайын радиодон жаңырган кайрыктар өзүнө арбап, кулакка жаңырганы жаңырган.

* * * Бала чак… Тоодо жалгыз кой жайып жүрүп радиодон байма-бай берилген ырлардан көңүлгө төп келгенин абаны жара кайрыгын кайталап үн кошуп, анан ошондогу ырахатка эч нерсени теңебей асманды бир, тоону бир карап алып көөдөнүң жаркый ааламда эмне бар болсо ошонун бардыгына жүрөк түпкүрүнөн атылып чыккан сүйүүңдү чачып туруп, ушул жарыкчылыкта МУЗЫКА бар болгону үчүн алдыга кадамдарыңды шаңдуу таштайсың. Обондун сөзү эсиңдеби же жокпу, айырмасы жок. Негизгиси, кайрыгы көңүлдө турса болгону.

Тоо – чындап канат бүтүрүп, оболоп көккө сызгың келет. Дал ошондой ээн калган учурда эч ийменбей оюңа келген обонду салмай – адатка айлангандай. Элдик дастандар менен кошо кыргыздын классикалык ырлары аң-сезимге терең орноп, ошонун аркасы менен чарчап-чаалыкпай демиңе дем кошконсуйт.

* * * Нагыз жомокко 13 жашымда кабылдым. 13 жашымда күтүүсүз жерден дагы бир ааламга Кыргыз Радиосу аркылуу кез келдим. Кайрык каңырыкты түтөтүп, көөдөнгө толгон букту айдап чыккансыйт. Али бала болсом да ашыглык оту дегенди эң ыйык сезим деп акылымдын жетишинче аңдап болуп, кайрыктын күчүнөн катуу таасир алам. А обондун текстинде акын ашыгына аялуу сезимин жеткире албай чабалактайт. Обон да, текст да бир бүтүндүккө айланып, ага кошумча ырчынын үнү бир муңканып, угарманын ажайып бир дүйнөгө жетелеп кетет.

– Мындай сыйкырдуу ырчы жок! – дейм, ишенимдүү түр менен ашканада тамак камын көрүп аткан апама.

– РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВ! – дейт апам зор берилүү менен радиого бир кулагымды тосуп алып, ырахаттана угуп аткан мага күлүмсүрөп.

– Жок! Чындап эле мындай ырчы жок! Аккордеондо ойногон чеберчилигин караңызчы!? – дейм. – Оо, РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВ биздин бала чакта жомок болчу! Алтымышынчы жылдардын орто ченинен баштап элдин бардыгы сүйүп укчу. Биз анда сендей эле мектептеги окуучу элек. Кийин дайыны чыкпай кетти? Ошто жашайт деп угам, – дейт апам.

* * * Адамдын айтып бералгыс ички санаасына ортоктош болуп, кыялын, эңсөөсүн сыйкырдуу авазга кошуп туруп, ырчы муңканган үнү менен угарманын өзүнө оп тартып кетет. Мынчалык күчкө РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВ кантип ээ болгон деп таңыркап кечти батырам. Радиодо дагы кайталап башка ырларын берет болду бекен деп күтүп бир топ күндөрдү өткөрдүм. Тилекке каршы, РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВдун ырларын радио өтө сейрек берет. 7-класста окуп атып Кыргыз Радиосунун “Жаштык” аттуу уктуруусуна:- РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВдун ырларын обого көбүрөөк бериңиздерчи!? – деп кат жазууга кириштим. Ортодон 1 ай өттү окшойт, алып баруучу менин аты-жөнүмдү атап, АБДЫКАДЫРОВдун ырларын 7-класста болсо да уккусу келет экен деген тейде айтып өттү да (ал кезде 1988-жылы Шеркул Дүйшөналиевдин “Кумар көз” деген мыкты чыгармасын, анан Медербек Кыдыршаевдин аткаруусундагы ырлар байма-бай жаңыра баштаган), ошону менен Рыспайдын ырларын ободо да чыгарышкандай болгон жок.

Мен РЫСПАЙдын ырларын зарыга күтүп, кай бирде ободон жаңырса көңүлгө майрам орноп, айтор ортодо 3 жылдай аралык өттү окшойт.

1991-жылы РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВ 50 жашка толду деп мааракесин толук тартып, телевизордо БӨКӨНБАЙ БОРКЕЕВ көрсөтүү берген күн – мен үчүн чоң майрамдай болду.

* * *1992-жылы КМУнун филология факультетинин 1-курсун жаңы окуп баштаган октябрь айынын кечи, жатаканада олтуруп таң агаргыча РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВ жана жашоо тууралуу учкай ой толгоом жазылды. Колума калем кармаган алгачкы ой толгоо 1 ай аяк баспай “Бишкек шамы” гезитине жарык көрдү.

* * * 1993-жылы 30-октябрда РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВ Бишкекте концерт коёрун угуп, зор кубаныч менен жетине албай сүйүнгөнүм дале эсте. Концерт аяктап, эл тараган кезде филармониянын чоң залында залкар обончу жана композитор менен саамга бет келип калдым. Каерде окуурумду сурап болуп:- Кап, атаңгөрү! Өтө шашылыш элем. Убакыт кенен болгондо, сен экөөбүз бир күн кечке маданият тууралуу узун сөзгө кирет элек!? – деди.

* * * Көп эле залкар инсандардын чыгармачылык чыйырына алымдын келишинче сереп салууга аз-маз аракет жасагансыйм. Арасында өзүбүздүн маданиятка опол тоодой салым кошкондору бар, чет элдик инсандары бар. Бирок, ошолордун арасынан баары бир РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВдун ысымы асманда жарк этип, өзгөчө бараандуу көрүнөт.

* * * Менин адам болуп калыптануума күч үрөгөн апам, атам, жарыкка келгени эки айга аяк баспай асыраган таенем, кийин элдик дастандарга кызыгуумду арттырган чоң атам болсо, адабият дүйнөсүнө сүйүүмдү арттырып жалпы жонунан ӨНӨР деген өлбөс экенин айгинелеп көрсөткөн, ага халтура деген жат нерсе экенин өз эмгектери менен айкын ачкан бир адамдын чыгармачылык дараметинин күчү болду окшойт.

Ал, РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВ!

* * * Кайсы бир жылдары Ата Журтуман бир нече айлап оолак калып, кусадар дартка чалдыкканда жанымда ала жүргөн РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВдун ыр жыйнагынан турган аудиокассета мени аман сактап, көңүл чөккөндө муңдаш да, сырдаш да болуп, демиме дем кошту.

* * Бул дүйнөдө адамдын ашкан бактысы – дилин таза сактап калуу! Өзүнүн кыял жоругу чатак, тез таарынып, тез жазылат, ашкере сезимтал жана бирде туруп шайыр, бирде туруп Асан Кайгычыл, ошонусунан улам буркурап көз жашын көп төгөт деген мүнөздөмөлөрдү айтып-жазып калышат.

Кандай болгон күндө да РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВ – көңүлүнө кымындай да кир сактабаган наристедей баёо, жан дүйнөсү назик, акыйкатты дилинде баарынан жогору коюп алдыга умтулган нагыз кашкөй талант…

* * * Ата Мекен, Эне, Табият, махабат… анан Музыка деген сөздөр ал үчүн Кудай сындуу тунук. Куран сындуу ыйык саналган. * * *Өнөр ааламында болгон ак кызматтын аркасында ал, жер бетинде эмне ыйык, эмне бийик болсо – ошонун бардыгына көөдөндөн сызылып чыккан кайрык аркылуу канкакшап айтып өттү. Мындан өткөн бакыт барбы!?

* * *Адам баласынын ички табияты, кыялынын күчү туптунук жана эң бир кооз болуусу кажет. Кудум АБДЫКАДЫРОВ аккордеондо чыныгы чеберчилик менен ойлоп тапкан укмуштуудай кооз вариациялар сындуу…

* * * Азыр мен АБДЫКАДЫРОВдун ички муңун, ызасын, ыйын, арзуусун, арманын, бактысын, тилегин ар бир ырын угуп жатып, адамзатка эмнени айткысы келип күйгүлтүккө түшкөнүн жакшы түшүнөм.

* * *Өмүр соңуна дейре РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВ өзүнө өзү алымсынбай ичинен кыжалат болуп, жарык издеп, кайрык издеп өттү. Анүчүн ыйлады… Сыздады… Майтарылды… Кайра чыйралды…

Улуу Жолду ал дал ошондой азаптар аркылуу сынап көрүп, жон териси менен сезип, анан салды. Чыгармачылыктагы новатордук – эч качан оңой жол менен келбейт. Каныңда кайнаган тубаса шык болсо да, аны кастарлап бакпасаң, кара жанды карч уруп изденбесең, сен эңсеген бийиктикке чыгууну кыялданбай эле койгон оң. А РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВдо мунун бардыгы бар эле…

Данияр Исанов