Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 93 жаштагы ИИОнун ардагери, милициянын отставкадагы старшинасы Артыкбай Камилов  1927-жылы туулган. Эмгек жолун ички иштер органында 1950-жылы катардагы милициядан кызмат өтөп баштаган. 25 жыл ИИОдо ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөп, 1975-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Ушул күнгө чейин жаш милиция кызматкерлерине өзүнүн акыл-насааттарын айтып келет. Азыркы учурда 50дөн ашык небере, чеберелери бар. Бул күнгө чейин ИИМдин бир катар медалдары жана ардак грамоталары менен сыйланган.

93 жаштагы ардагер Артыкбай Камилов менен Жалал-Абад ОИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы жолуккан учурда, ал өзүнүн сөзүндө кыргыз элине тынчтык тилеп, азыркы апааттан аман-эсен чыгып кетүүсүн каалады. Ал эми бардык кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлерине күч-кубат тилеп: “Бөөдө кырсык, куру дооматтан кудайым өзү сактасын! Элибизге ак кызмат кылып, алар дагы бизге окшоп ардактуу эс алууга чыгууга насип этсин!”-деп  ак батасын берип узатты.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы