Кечээ, 30-сентябрь шаардагы бардык тойканаларга рейд жүрдү. Анын ичинен жети тойканада той өтүп жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, Жалал-Абад ресторанында 300 адамдык той өтүп жаткан. Комиссия андан тышкары Аура, Достор, Деревянный замок, Ак-Өргө, Тадж-Махал тойканаларындагы тойлорго күбө болушту.

Аталган тойканалардын бардыгынын электр жарыктары өчүрүлдү. Аура ресторанындагы той кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иш козголду. Калгандарына айып пул салынды.

Эрежеге баш ийбей жаткан тойканаларга болгон рейд күчөтүлүп, күн сайын өткөрүлөт. Бир нече ирет эскертүү алып, айып пул төлөгөндөргө эми мыйзам чегинде иш козголот.