Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 2-октябрда түнкүсүн Ысык-Көлдүн айрым аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, тоолорго кар түшөт.

Күндүз Нарын облусунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарында жаан, тоолорго кар жаайт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19;

Талас облусунда түнкүсүн +0…+5, күндүз +12…+17;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +12…+17 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +17…+19.