Бүгүн 1-октябрь Карылардын эл арлык күнү менен куттуктап, «Нурлуу кайрымуу  кыздар»  жамааты, карыларга камкордук жасашып, кабар алып келишти.

 Уюштуруучулардын айтымында, борбор калаадагы Абай көчөсүндө жайгашкан карылар үйүнө барышкан. Ал жердеги шейшептер эскилиги жетип калгандыктан толугу менен баардык шейшептерди жаңылап,  жылуу кийим кечектерди берип келишкен. Аталган жамаат, бул жерге жаңы жыл майрамында да келип, улгайгандардын көңүлүн сурап, бата алып кетишкен.

Мээримге толгон көздөрү менен жол карап, небере жытына, уул-кыздын урматына муктаж болгон карыялардын батасын алып, алкышка арзыган айымдарды,  пандемия учурунда көрсөткөн кызматы үчүн омбудсмен Токон Мамытов грамота менен сыйлады.

Өз кезегинде омбудсмен калк кызматында жүргөн жамааттан, кыйналган, жардамга муктаж жарандардын абалын угуп, жардам берүүгө убада берген.