6-октябрдан тарта мектепке барып билим алчу окуучуларга  форма кийүү талабы коюлбайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигиндеги Мектептик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова билдирди.

Эске салсак, 6-октябрдан тарта 2-класстан 6-класска чейинки окуучулар жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окуй баштайт. Буга чейин 1-класстар гана кадимки тартипте билим алып жатышкан.

«Быйыл биз бирдей форма кийүү талабын алып салдык. Анткени өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал баарыбызга маалым. Ар кандай шарттагы үй-бүлөлөр бар, аларды жакшы түшүнүп турабыз. Мындан улам балдарын үстү ак (көйнөк), алды кара (шым, юбка), башкача айтканда, классикалык форма менен мектепке жиберсе болот. Эч ким ата-энени кыйнабайт», — деди Кусеинова.

Ал мектептерде окуу башталса, имараттын ичи дезинфекцияланып, окуу бөлмөлөрү танапис сайын желдетилип турарын кошумчалады. Окуучулардын ден соолугу күн сайын текшерилип турат.