Ош облусунун Ноокат районунда 100дөн ашкан 19 адам жашайт. Бул тууралуу Ноокат районунун администрациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 90 жаштан ашкан 447 пенсионер дагы жашайт. Карылар күнүнө карата аларга белектер тапшырылды.

Жергиликтүү бюджеттен 40 миң сом бөлүнгөн. Өлкөдө болуп жаткан эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу карыларды үйдөн куттукташты.