Акыркы учурларда Баткен облусунда коронавирус оорусу менен ооруган жарандар Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынан көп катталууда. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет

Бүгүн коронавирус боюнча облуста 77 жаңы учур катталган болсо, анын 34 Кадамжай районунан, анын ичинен 11 Халмион айылынан катталды. Күн сайын айыл аймактан 10дон, 20га чейин учурлар катталууда.

Мындан улам аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлүп, ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасы менен, бүгүн 1-октябрда Кадамжай районунун Халмион айылындагы “Баяман баатыр” базарына рейд жүрдү.

Айыл аймактагы эпид кырдаалга байланыштуу, райондук штабдын чечими менен, “Баяман баатыр” базарында жума, ишемби жана дүйшөмбү күндөрү санитардык күн деп белгиленген.

Рейд учурунда базардын кире беришине дезинфекциялоочу туннель орнотулуп, жарандар тепловизордон текшерилип, беткап менен базарга киргизилип жатканы маалым болду. Базардын соодагерлерине беткап жана кол кап менен иштөө талабы коюлуп, тамактануучу жайлар санитардык талаптарды сактоо менен иш алып барууда.