Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) менен Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыккан алгоритмге ылайык, маанилүү себептер менен шайлоо участогуна келип добуш бере албаган жарандарга атайын комиссия барып, үйүнөн же башка жактан добуш берүүсүн камсыздайт.

Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү, байкоочу, партия өкүлдөрү жана журналисттерден турган комиссиялык топту атайын окутулган адис дене табын өлчөйт. Алар түшүп баруучу транспорт жана башка буюмдар алдын ала дезинфекцияланат. Комиссия мүчөлөрү толугу менен коргоочу костюм кийүүсү зарыл. Ар биринде санитайзер болот.

Обсервацияда турган, ооруп жаткан же коронавирустун белгилери бар жарандар шайлоо участкасынан тышкары добуш берүү үчүн 2-октябрга чейин участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга тийиш. Алар 3-октябрда алдын ала добуш беришет.

Участкадан тышкары добуш берген жарандарга да беткап жана колкап берилет. Шайлоочуларды идентификациялоочу жабдыктар ар бир добуш берүүдөн кийин дезинфекцияланууга тийиш.

БШК шайлоочуларды өздөрүнүн коопсуздугу үчүн добуш берүүдө санитардык-гигиеналык эрежелерди бекем сактоого чакырууда.