Үгүт иштери башталгандан бери, өлкөнүн айрым аймактарында «Республика» партиясынын тарапташтарын моралдык жана физикалык кысымга алуу, уруп-сабоо жана өлтүрүү фактылары аныкталды.

2020-жылдын 30-сентябрында, кайгылуу окуя болду. Биздин тарапташыбыз Ормон уулу Замир Ош облусунун Өзгөн районунда өлтүрүлдү. Учурда укук коргоо органдары окуяны иликтеп жатышат, бирок алдын ала маалымат боюнча ал бычактан алган жаракаттан каза болгон. Бул жорук талаптагыдай туура иликтенбей, мамлекеттик компетенттүү органдар тарабынан үй-бүлөлүк кылмыш катары гана көрсөтүлөт деген кооптонуу бар.

Партиянын лидеринин жана жалпы жамаатынын атынан маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Биз ушул оор мезгилде кайгысын жана жоготуусун бөлүшөбүз. Адам өмүрүнөн өтө маанилүү жана баалуу эч нерсе жок экендигин биздин оппоненттерге эскертебиз. Парламенттеги мандат бир да жарандын өмүрүнө арзыбайт!

Андан тышкары, Чүй облусунун Панфилов району боюнча «Республика» штабынын башчысы Д.Б. Болотовго «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын өкүлү ачык кысым көрсөткөн.

Нарын районунун Алыш айылында «Республика» партиясынын дагы бир агитатору сабалган. Жабыр тарткандын айтымында, аны «Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлү сабап, анын кесепетинен ооруканага түшкөн. Сабоо фактысы боюнча КЖБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») боюнча сотко чейинки өндүрүш катталды. Ошондой эле, ушул эле аймактын Эмгек-Талаа айылында биздин колдоочубуз Болот уулу Денисакка «Биримдик» саясий партиясынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан кысым көрсөтүлүүдө.

Киши өлтүрүү менен системалуу түрдө уруп-сабоодон тышкары, биздин аймактык штабдын мүчөлөрүнө, байкоочуларга, ишенимдүү адамдарга жана башка тарапташтарыбызга ар кандай провокациялар колдонулуп, үгүт жана шайлоочуларга байланышкан иш-аракеттерди күч менен токтотуу менен биздин партиянын жана анын талапкерлеринин беделин түшүрүү боюнча масштабдуу провокациялар болуп жатат.

«Республика» саясий партиясы жогоруда айтылган иштерге байланыштуу оппонент болгон саясий партиялар, ошондой эле мамлекеттик укук коргоо органдары тарабынан дагы одоно мыйзам бузууларына байланыштуу өтө тынчсыздануусун билдирет.

«Республика» партиясы башынан эле саясий оппоненттер колдгонгон добуш сатып алуу жана зордук-зомбулук ыкмаларына каршы чыгып келе жаткандыгын белгилейбиз, бул таза жана ачык шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат, бул өз кезегинде шайлоонун жыйынтыгынын легитимдүүлүгүнө шек келтирет.

Жогоруда айтылган кылммыштарга байланыштуу биз укук коргоо органдарынан ар тараптуу жана объективдүү иликтөөнү жүргүзүүнү, КР Башкы прокуратурасынан тергөөнүн жүрүшүн өзгөчө көзөмөлгө алууну, ал эми КР БШКсынан шайлоо мыйзамдарында каралган тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылабыз. Мындан тышкары, саясий оппоненттерибизди мыйзамдуулукка жана зомбулукту колдонуудан баш тартууга чакырабыз!

Арстан Туржанов, «РЕСПУБЛИКА» партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН  01708200710163. «Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.