Кыргызстанда сутка ичинде 154 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында – 6, Ош шаарында – 34, Чүй облусунда — 5, Ош облусунда – 47, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 19, Баткен облусунда – 27 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 43 миң 137ге жетти.