2-октябрда бир сутка ичинде өлкө боюнча 28 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
-Бишкек — 8
-Ош — 4
-Ош облусунда — 5
-Жалал-Абад облусунда — 2
-Баткен облусунда — 9

Ал эми бир суткада 2 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 6 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3294 учур катталды, алардын ичинен 3029 медкызматкер айыгып чыкты.