Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаевдин айтымында, сезондук сасык тумоону алдын алуу максатында республикада калкты эмдөө процесси жүрүүдө. Эмдөөнү Үй-бүлөлүк медициналык борборлордон сырткары, жеке медициналык борборлордон алса болот. Тобокел тобуна кирген жарандар үчүн эмдөө акысыз, ал эми, калган жарандар акы төлөө менен ала алышат.

Азырык тапта, бир эмдөөнүн баасы 450 сомдон 750 сомго чейин. Балдарга 6 айдан баштап эмдөө жүргүзүүгө болот. Ошол эле убакта, 6 жашка чейинки балдардын эмдөөсүндө бир дозаны экиге бөлуп, эки жолу эмдеш керек. Мындан тышкары Кыргызстанда азыр биз Баткен облусунда оорунун көбөйүп жаткандыгын байкап жатабыз. Ушундай эле абал медиктердин арасында. Буга массалык топтолуулар жана социалдык аралыкты сактабай калуу себеп болууда», — саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев.