Объекттин курулушу август айында 2020-жылы башталган. Ал эми долбоордук кубаттуулугу 70 орунга эсептелген. Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” коомдук фондунун эсебинен жүргүзүлүүдө, курулуш башталгандан бери 45 млн сом акча каражаты каржыланды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Подряддык уюм тарабынан жумуш жүргүзүлүп, оорукананын пайдубалы, гидроизоляциясы жана полду бетондоо жумуштары бүтүрүлдү. Андан сырткары откананын калка тосмосу орнотулуп бүттү.

Азыркы учурда дубалын пеноблок менен тургузуу, чатырын орнотуу, терезенин кашектерин орнотуу, дубалды сыртынан жылуулоо, суу түтүктөрүн орнотуу жумуштары аткарылууда.