Жогорку окуу жайын бүтүрүп турмушка чыгып келин болуп келгенден баштап кайненем негедир жактырган жок. Жанымда турганда “кызым” деп башкалардын алдында мени жамандай берет экен. Жаңыраак кийим кийип калсам дагы көзүнүн кыры менен карай берет. Каяктан алдың деп сурап дагы жиберет. “Бул менин кыз кезимдеги кийимдерим десем” да жаман көрө берет.

Кечинде күйөөм менен жатсак да эшикти ачып карап чыгып кетет. Эмне деген жоругу экенин билбейм түшүнбөйм. Күйөөм менен урушуп кетип эки башка жатып алсак да келип карап баласына жакшы сүйлөп мен жаткан бөлмөгө кирип кыйкырынып чыгып кетет. Менин апам бир жактан кетип алып көрүп кетейин дедим эле деп тийип калса да чай ичиңиз үйгө деп айтканга дагы жарабайт. Мындайча айтканда биздин үй-бүлөөнү көзүнө илбегендей боло берет.

Ушундай татаал жашоолор барбы же менин эле тагдырым ушундай болуп калганбы? Күйөөм кызыл камчы уруп, сабап дагы жиберет. “Катын дегенди уруш керек өлбөйт” деп үйрөтөт экен кайненем. Балам чарчады деп эркектин ишин да мага кылдырат. Ушундай адамдарга кандай жооп кайтарышым керек. Башым катты.