Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобу 2-октябрда жыйынга чогулду.

Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрү да кирген координациялык топтун жыйынында шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна байланышкан маселе талкууланды.

Жыйында белгилүү болгондой, 1-октябрга караганда мыйзам бузууларга байланыштуу 86 кайрылуу БШКга түшүп, электрондук реестрге катталды. Анын кыркы Кылмыш кодексинин 192-беренеси («Шайлоочулардын добушун сатып алуу»), тогузу 195-берене («Шайлоо документтерин бурмалоо»), бирөө 191-берене («Шайлоо укугуна тоскоолдук кылуу») менен байланыштуу.

Ал эми 27си Жоруктар кодексинин 87-1 беренеси («Административдик ресурс колдонуу»), сегизи 44-берене («Үгүт шартын бузуу»), бирөө Бузуулар кодексинин 119-беренеси менен катталган.

Белгилей кетсек, 120 орундуу Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.