2020-жылдын 1-октябрында Ош ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн, анда 2020-жылдын 1-октябрында саат 18:00 чамасында Кара-Суу районунун Нариман айылында белгисиз адам тарабынан акча сунушталып жаткандыгы айтылган.

Аталган маалымат Ош ОИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Алгачкы тергөөнүнүн жүрүшүндө 2020-жылдын 25-сентябрында Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылынын жаранында жалпы суммасы 313.000 сом акча каражаты бар экендиги аныкталган.

Азыркы учурда кайсыл бир партияга тиешеси бар же жок экендиги боюнча тиешелүү тергөө амалдары аткарылууда.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы