Милицияга 2020-жылдын 2-октябрь күнү саат 15:00 чамасында, «Сапар» аттуу жаран Сузак районунун айылдарынын биринде мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факт боюнча маалымат 2020-жылдын 2-октябрь күнү Сузак РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 253-беренесинде (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Окуя болгон жерге Сузак РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барып, ВАЗ-2121 үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп, айдоочусун текшерип жаткан учурда 4-5 белгисиз жарандар келишип, ызы-чуу чыгарып, милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшкөн.

Алгачкы тергөө иш чаралары аныктагандай  алардын бирөөсү Нива үлгүсүндөгү автоунаага отуруп айдап качмакчы болгондо, милиция кызматкерлери тарабынан Нива автоунаасы токтотулган. Бул мезгилде шериктери айдоочуну качыруу аракетин көрүшүп, милиция кызматкерлерине күч колдонууга аракет кылышып катуу каршылык көрсөтө баштаганда учурда  милиция тарабынан эскертүү иретинде асманга ок чыгарылган.

Окуя болгон жерге барган тергөө-ыкчам тобу тарабынан автоунааны айдап качууга аракет жасаган жаран Сузак РИИБге алынып келинип, өздүгү аныкталган. Ал Сузак районунун тургуну 1997-ж.т. Ү.Т. экендиги такталып, жанынан калибри 9 мм травматикалык ок атуучу куралы 1 даана магазини жана 13 даана огу менен далил буюм катарында алынып, экспертиза дайындалган.

Ал эми окуя болгон жерде калган атуулдар Жалал-Абад ОИИБдин тергөө-ыкчам тобу тарабынан өздүктөрүн тактоо жана сотко чейинки өндүрүш иши боюнча сурак кылуу максатында Сузак РИИБне камсыз кылынган.

Аталган факт боюнча топтолгон материал Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 355-беренесинин (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) негизинде катталган.

Алдын ала териштирүүнүн жүрүшүндө ызы-чуунун башталышына жана милиция кызматкеринин кызматтык формасына асылган жаран Сузак районунун тургуну, мурда КРнын КЖКнин 97-беренеси (адам өлтүрүү, эски редакция) менен соттолгон, КРнын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, 1977-ж.т. А.С. экендиги такталган.

Ага карата КРнын Жазык кодексинин 266-беренесинде (Ээнбаштык) көрсөтүлгөн кылмышка шектүүлүгү боюнча кабарлама берилип, 2020-жылдын 2-октябрь күнү саат 23:09да Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал эми экинчиси Ү.Т. жактоочунун катышуусунда сурак кылынып, ага карата КРнын Жазык кодексинин 266-беренесинде (Ээнбаштык) көрсөтүлгөн кылмышка шектүүлүгү боюнча кабарлама берилип, 2020-жылдын 2-октябрь күнү саат саат 23:55де Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда аталган сотко чейинки өндүрүш иши Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы