Өзбекстандан Россиянын Иркутск облусундагы Усть-Кут шаарына жумушка келген, дүкөндөрдүн биринде иштеген 21 жаштагы Салохиддин Маматкулов каракчылар менен сагыз жана кофе менен кармашты. Бул тууралуу «Комсомольская правда» басылмасы жазды.

Жигиттин айтымында ал, жумушуна нөөмөткө келип, жумушун аткарып, сагыз жана шокаладдарды тизип жаткан. Кассир кыз андан кассаны бир аз мүнөткө карап турууну суранган. Бир мезгилде капкара кийинген эки жигит кирип кассаны тоной баштаган.

«Башында мен аябай корктум, анткени алар күтүлбөгөн жерден кирип келишти. Кассанын астында дүрбөлөң баскычы бар болчу, мен аны шоктон унутуп калыпмын. Бирок каракчылар тажрыйбалуу кылмышкерлер эмес экендигин түшүндүм. Менин курагымдагы балдар экен. Мен аларды кууп чыгууну чечтим. Колума тийген  биринчи буюмдар менен каракчыларга ыргыта баштадым. Чынын айтсам, мен эмнени ыргытып жатканыма көңүл деле бурган жокмун », — дейт Салохиддин Маматкулов.