Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата жылдагыдай масштабдуу иш-чаралар уюштурулбайт.

Бирок борбордук аянтта театрлаштырылган концерт болорун, ага саналуу гана кишилер келерин мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Майрам кечинде салют атуу менен жыйынтыкталат.

Cалтанат жергиликтүү телеканал аркылуу жана Интернеттеги социалдык желелерде түз көрсөтүлөт.
Шаар майрамынан бир күн мурда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт.

Ош шаарынын күнүн 5-октябрда белгилөө 2000-жылы президенттин жарлыгы менен бекитилген. Ошол жылы калаанын 3000 жылдыгына арналган кеңири масштабдуу иш-чаралар аяктаган.