Бүгүн “Баха Базар-Коргонскийдин” баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу                                                  Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 1-октябрь күнү Жалал-Абад ОИИБдин КМКнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсү жана КРнын ИИМдин “Шумкар” АБПнын кызматкерлери тарабынан Базар-Коргон районунун тургуну, мурда Россия Федерациясынын аймагында жана  КРнын КЖКнын 167-бер. (Тоноо) менен соттолгон, крим-чөйрөдө “Баха  Базар-Коргонский” деп таанылган, КРнын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган 1981-ж.т. А.Б. кармалган.

Ага карата Базар-Коргон районунун 1960-ж.т. тургуну А.Ш. милицияга арыз жазып 110 000 (бир жүз он миң) сом акчасын алдап алып, убада кылган иштерин бүтүрбөй же акчасын кайтарып бербей алдап качып жүргөндүгүн билдирген. 

Аталган факты Жалал-Абад ОИИБдин КЖБРне катталып, КРнын Жазык кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. 

Бүгүн 3-октябрда алдамчылыкка шектелген А.Б. баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралат.