Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Юлия Руцкаянын апасын унаасы менен сүзүп кеткен милиция кызматкери күнөөсүн моюнуна алып, келтирилген материалдык зыянды толук кандуу төлөп берүүгө даяр. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан  билдиришти.

Ага ылайык, жол кырсыгына байланыштуу Юлия Руцкаянын видеокайрылуусу боюнча териштирүү башталып, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Кырсык 1-октябрда болжол менен саат 14:00 чамасында Үсөнбаев көчөсүндө орун алган. Анда ички иштер органдарынын кызматкери Ниссан Альмера үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасын артка айдап бара жатканда, 1950-жылы туулган А.С. аттуу жөө адамды сүзүп алган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, ага баш мээсинин чайкалышы диагнозу коюлган. Аталган факты 155-берененин негизинде катталган.

Милициянын кызматкери өз күнөөсүнөн баш тарткан жок жана жабырлануучуга келтирилген материалдык зыянды толук кандуу төлөп берүүгө даяр. Ниссан Альмера үлгүсүндөгү кызматтык автоунаа айып пул төлөөчү жайга киргизилди. Жабырлануучунун ден соолугуна келтирилген оордукту тактоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Иликтөө иши жүрүп жатат», — деп билдиришти мекемеден.

 Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык текшерүү жүргүзүүдө.