Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берди.

— Кутмандуу күнүңүздөр менен, урматтуу угармандар. «Президент менен ачык сөз» уктуруусунун кезектеги чыгарылышы. Ишемби күнкү адаттагыдай эле Мамлекет башчысы менен суроо-жооп маегибиз сиздердин назарыңыздарда.

Саламатсызбы, Сооронбай Шарипович?

— Саламатсызбы.

— Өткөндөгү маегиңизде Россияга жана Венгрияга жасай турган сапарларыңызга байланыштуу суроолорду берип, жетиштүү жооп алганбыз. Анда угармандарга бул өлкөлөр менен болгон мамилелерибиз тууралуу, кандай натыйжалары болоорун кенен айтып бергенсиз. Сапарларыңыздын жыйынтыгы Сиз күткөндөй болдубу?

— Эки өлкөгө тең жасаган сапарларыбыз биздин өлкөгө абдан пайдалуу жана жемиштүү болду. Буйруса, анын жыйынтыктары келечекте болот.

Биринчи жумушчу сапарым Россияга болду. Россия, билесиздер, биздин эң жакын, ишенимдүү союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбуз.

Биз Россия менен бүт тармактар боюнча абдан жогорку деңгээлде, активдүү иштеп жатабыз. Россия тарабынан дагы ошондой мамиле болуп, бүт тармактар боюнча иштер активдүү жүрүп жатат. Сочиде Владимир Владимирович менен кеңири сүйлөштүк. Кызматташуунун бардык тармактары камтылды. Көп маселелер талкууланды. Биз койгон маселелердин баарын тең эле Россиянын Президенти ар дайым колдойт, колдоп келатат. Өзүнүн дагы кыргыз элине, Кыргызстан мамлекетине өзгөчө жылуу мамилеси бар. Мен 3 жылга жакын убакыттан бери жолугуп, байланышта иштеп келе жатам.

Бир дагы жолу Кыргызстан боюнча коюлган маселеге жок дей элек. Бул жолугушуу да ошондой болду. Бүт тармактар боюнча абдан жакшы, кеңири сүйлөшүү болду.

Андан ары Венгрияга расмий иш сапар менен барып келдик.

Ал жерде Премьер-министр Виктор Орбан менен, Президент менен, Улуттук жыйындын төрагасы менен жолугушуулар, сүйлөшүүлөр абдан жемиштүү болду.

Венгрия парламенттик системада иштейт. Ал жерде мамлекеттин башында Премьер-министр турат. Ал киши менен барган күнү бейформал жолугушууда 2,5 саат сүйлөштүк.

Эртеси тар жана кеңири чөйрөдө сүйлөшүүлөр абдан жемиштүү болду. Жакшы маселелер чечилди.

Булар кайсылар? Биринчиден, билим берүү тармагы боюнча биздин студенттер үчүн бюджеттик орундар 75тен 150гө чейин көбөйтүлдү.

Экинчиден, биз көптөн бери Европа жана башка ар кандай мамлекеттер менен инвестиция тартуу боюнча иш жүргүзүп жатабыз.

Азыр Венгрия менен инвестициялык фонд түзүлдү. 50 миллион доллар — бул 4 миллиард сомго жакын каражат. Биз бул каражатты эки мамлекеттин ортосунда биргелешкен ишканаларды түзүп, ошолор аркылуу экономикага каражат салып, кайра иштетүү, өнөр жай ишканаларын куруу, эң негизгиси, биздин өндүрүлгөн продукцияларды экспортко чыгаруу боюнча сүйлөштүк.

Мени кубандырганы — биздин ишкерлерге Венгрия аркылуу Европа Биримдигине кирген мамлекеттерге чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Экинчи жагынан, алдыңкы технология Европада да. Ал Венгрияда да бар. Ошол эң алдыңкы технологияларды биздин ар кандай тармактарга алып келип, иштетсек болот. Мына ушул маселе чечилди.

Үчүнчү, Венгриянын Премьер-министри Орбан өзү абдан жакшы демилге кылды. Биз эки боордош, жакын мамлекетпиз, тарых боюнча да абдан сүйлөштүк. Биз венгер туугандар менен чыныгы тууганчылыгыбызды, мындайча айтканда, бекемдеп келдик.

Ушул байланышты бекемдеш үчүн, Будапешт-Бишкек түз авиа байланышын ачуу, буйруса, чечилди.

Венгрия банкынын филиалын ачуу боюнча маселе сунушталды. Бул маселени да карайбыз деди.

Ошол жерде сүйлөшүүлөрдө эл аралык маселелер боюнча кээ бир маселелерди койдум. Орбан мырза Тышкы иштер жана соода министрлигине тапшырмаларды берди. Кыргызстандын бардык демилгелерин, эки тараптуу, көп тараптуу кызматташтыкты эл аралык аянттарда колдоо боюнча маселелерди жакшы колдоп берди.

Венгер тарап биздин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен урандын калдыктарын рекультивациялоо боюнча кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Мына ушундай жакшы маселелерди сүйлөштүк. Венгрия мамлекети менен эки өлкө ортосундагы абдан көп келишимдерге кол коюп келдик.

Венгрия жетекчилиги менен мен баш болгон биздин делегация тууганчылык жакын мамиледе болду, бул нерсе келечекке өз таасирин берет.

Буйруса, Венгрия аркылуу Европадан инвестиция тартканга, бүт тармактарга технологияны алып келгенге, кайрадан өндүрүлгөн продукциябызды сыртка чыгарганга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Алар да кызыкдар. Анткени, биздин жаныбызда чоң рынок бар. Кытай Республикасы бар, ЕАЭБдебиз.

Эң негизги чоң нерсе — премьер-министр Орбан менен Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол койдук.

Биздин кыргыз элинин чыгаан уулу, атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовду венгер туугандар абдан сыйлап, урматтайт экен.

Будапештте сейил бакты ачып жатканда шаардын мэри, Премьер-министр, Президент, спикер менен жолукканда дагы алар Чыңгыз Төрөкуловичтин чыгармаларын айтып жатышты.

Венгрияда мектепте, жогорку окуу жайларында атайын программалар киргизилип, чыгармаларын окуткан экен. Жакшы билишет экен. Жалпы жетекчилиги, эли аны урматтап, сыйлайт экен.

Биздин атактуу жазуучунун атын чоң сейил бакка коюшту. Биздин ал жактагы студенттер катышты. Шаардын мэри катышты, ал абдан жылуу сөздөрүн айтты. Бизге да абдан жагымдуу болду.

Чыңгыз Төрөкулович өзү азыр арабызда жок болсо дагы өзүнүн жасаган иши менен, кылган эмгеги менен кыргыз элин дагы деле колдоп атат. Мен ошого абдан кубандым.

Ошол жерде мен биз кыргыз эли өзүбүздүн «Манас» эпосубуз жана Айтматовдун чыгармалары менен дүйнөлүк маданиятка салым коштук деп айттым. Айтматовдой дүйнөлүк маданиятка салымын кошкон адамдар адамзат тарыхында эсептелүү эле.