Ош облусунун аймагында шайлоо мыйзамдарын бузулушуна жол бербөө максатында Ош ОИИБдин кызматкерлери тийиштүү ыкчам иш аракеттерди жүргүзүүдө. Ушундай иш-чаралардын жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылында 2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо күнүнө карата кайсыл бир саясий партиянын өкүлдөрү добуш сатып алуу үчүн акча таркатып жүргөндүгү жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат Ош ОИИБнын Кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун  бирдиктүү реестрине катталды. Алгачкы тергөөнүнүн жүрүшүндө 2020-жылдын 1-октябрь күнү саат 22:15 чамасында малымааттардын электрондук журналына катталып,  Кыргыз Республикасынын ЖКнин 192-бер. 1-бөл., негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү кызматкерлерге тапшырмалар берилген.

Тийиштүү иш-чаранын жүрүшүндө , Кара-Кочкор айыл аймагынын тургундары, 26-жаштагы  А.у.А, К.Т, С.Ж, Б у.Д, Б.С жана З у.А биргеликте, 26 –жаштагы А.М ге Кара-Кочкор айыл аймагынын тургуну 53-жаштагы К.Ага  2020-жылдын 4-октябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын парламенттик шайлоосуна талапкер болуп жаткан “Республика”  саясий партиясына добуш берүү үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом акча жана шайлоо күнү ошол аталган акчага дагы кошумча берилээрин айтып акча тапшырышкандыгы маалым болду жана аталган акча каражаты тергөө кызматы тарабынан далил буюм катары алынды. Топтолгон материалдын негизинде тергөө иштери жүрүп жатат.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы