Бүгүн, 4-октябрда Кыргызстандын бардык аймактарында жана чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде ачылган шайлоо тилкелеринде Жогорку Кеңештин VII чакырылыштагы депутаттарын шайлоо өтөт. Добуш берүү саат 08:00дө башталды, кечки саат 20:00гө чейин уланат.

Бул жолку шайлоого 16 саясий партия катышып жатат. tizme.gov.kg, булагында 24-сентябрга карата жарыяланган маалымат боюнча, шайлоочулардын жалпы тизмесине Кыргызстандын 3 млн 523 миң 532 жараны кирген. Парламенттик шайлоого карата Кыргызстандын аймактарында 2462, чет өлкөлөрдө 45 шайлоо тилкеси түзүлдү.

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу добуш берүү учурунда шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана байкоочулар, жалпы жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн атайын алгоритм да иштелип чыккан.