Добуш берүүнүн жыйынтыгы кечки саат 22:00дө айтылат

Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары кечки саат 22:00дө айтылат. Бул тууралуу бугун, 4-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, добуш берүүгө бардык участкалар даяр.

“Парламенттик шайлоо эпидемиологиялык абалда өткөрүлүп жатат. Жарандардын ден соолугун коргоо үчүн өкмөт БШК менен биргеликте атайын алгоритм иштеп чыкты. Шайлоо участкаларында эки саат сайын дезинфекция жүргүзүлөт. Ар бир шайлоочуга бет кап берилет. Добуш берүү бүгүн саат 20:00гө чейин жүрөт”, – деди Шайлдабекова.

Белгилей кетсек, шайлоого 16 саясий партия катышууда.