Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов, Баткен шаарындагы №8074-шайлоо участкасында добуш берди.

Ыйгарым укуктуу өкүл, алгач шайлоо тилкесинин салтанаттуу ачылышына катышып, жалпы элди КР ЖК шайлоонун башталышы менен куттуктады.
Алишер Абдрахманов өз сөзүндө, бүгүнкү күн Кыргызстандыктар үчүн өтө жооптуу күн. Ар бирибиз тартипти, санитардык талаптарды сактоо менен, бул өнөктүккө активдүү катышып, шайлоонун тынч жана ийгиликтүү өтүүсүнө салым кошолу” деди.

Белгилей кетсек пандемияга байланыштуу, шайлоо участкаларында, жарандардын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча, бардык тийиштүү шарттар түзүлгөн.
Бул күнү коомдук тартипти камсыз кылууга 622 милиция кызматкери тартылган.
Баткен облусунда 215 шайлоо участкасы, 284265 шайлоочу бар.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы