Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин шайлоосунда добуш берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет жетекчиси № 1327 шайлоо участогунда, №5 Инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде өз жарандык милдетин аткарган.

Добуш берген соң президент сөз сүйлөп, бийлик шайлоонун таза жана ачык өтүшү үчүн болгон аракетти көргөнүнө токтолду.

«Партиялардын баарына бирдей шарт, бирдей мүмкүнчүлүк түзүлдү. Саясий уюмдарга өз программаларын элге тааныштырып, пиар үчүн эч кандай чек коюлган жок», — деди Жээнбеков.

Өлкө башчы дагы бир ирет кыргызстандыктарга кайрылып, шайлоо алдыдагы беш эле жылдын эмес, жалпы мамлекеттин тагдырын чече турганын белгиледи.

«Мен мекендештериме дагы бир ирет буга чейин айтып келген чакырыктарымды кайталап кетейин. Бүгүн баарын тең шайлоочунун добушу чечет. «Менин добушум эмнени чечет эле“ деген кайдыгерлик менен кол шилтеп койбой, ар бирибиз үйдөн чыгып, өз добушубузду берели. Бул шайлоого өлкөбүздүн жарандары гана эмес, дүйнө коомчулугу назар салып турат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы эч кимдин шек саноосун жаратпашы керек. Биз үчүн коомдун стабилдүүлүгү, элибиздин тынчтыгы — баарынан бийик. Жогорку саясий маданиятыбызды көрсөтөбүз деп үмүттөнөм. Ушул шайлоо мекенибизге дагы бир, кошумча эл аралык аброй алып келет деп ишенем», — деди президент.

Эскерте кетсек, бүгүн кыргызстандыктар Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоодо.