Премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Бишкек шаарындагы №62 мектеп-гимназиясында жайгашкан № 1105 шайлоо участкасында добуш берди. Ал өз добушун берип жатканда жарандар да киргизилип, эл менен чоогу кезек күтүп добуш берди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков добушун Бишкекте жайгашкан 1050 шайлоо тилкесинде берди. Ал добуш берип жаткан учурда шайлоо участогундагы үкөк иштебей калган. БШКнын мүчөлөрү 10 мүнөттүн ичинде мүчүлүштүктү жоюп, үкөктүн иштөөсүн калыбына келтиришти. Төрага мүчүштүктөр оңдолгуча кезекте эл менен күтүп турду.

Борбор калаанын  мэри Азиз Суракматов №1215 шайлоо участогунда, Шубин атындагы музыкалык мектепте узун кезектин катарында туруп добуш берди.